Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү
Ат-Башы району, Казыбек айылы
Устав / Күбөлүк
«Казыбек-Жеткинчек мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемеси 2003-жылы жамааттык деңгээлде, 2008-жылы Казыбек айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык болуп уюштурулган, 2015-жылы райондук билим берүү бөлүмүнө өтүп, мамлекеттин каржылоосуна алынган.
2009- жылы 11-февралда облустук Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик мекеме катары каттоодон өтүп, серия №0015564, каттоо №104047-3304-М-е. күбөлүгүн алган.
2023-жылдын 9-январда жаңы балдар бакчасынын имаратынын ачылышы болуп, 5 тайпа ачылып, 24 кызматкер жумуш орду менен камсыз болду.
2024-жылы 16-сентябрда кошумча жаңы 1 тайпа ачылды, 15 бала (5айдан 1,5 жашка чейинки балдар) кабыл алынды.
Балдар бакчасында жалпы 52 кызматкер эмгектенет. Балдар бакчасында 9 тайпада 206 бала бар, директор, усулчу, 18 тарбиячы, орус тили мугалими, англис тили мугалими,
3 музыкалык жетекчи, мед.айым, 29 техникалык кызматкерлер эмгектенишет, жалпы 52 кызматкер.
2003-жылы айылдык оорукананын эски имаратына уюштурулган. Дареги: Өскөналиев Абыл көчөсү, 27
2023-жылдын 9-январда ачылган,
Дареги: Аманалы кызы Ажар көчөсү, 43/1
2022-жылы октябрь айынан баштап жетекчилик кызматта. Бала бакчанын окуу-тарбия иштерин, материалдык, техникалык базасын чыңдоодо зор салымын кошуп , өнүктүрүү үчүн долбоорлор менен иш алып барып келет.
Аскарбек кызы Мунара
Методист
Абдыкеримова Замира Мамажановна
Чарба иштери боюнча директордун орун басары
Балдар бакчасында жалпы 52 кызматкер эмгектенет. Балдар бакчасында 9 тайпада 206 бала бар, директор, усулчу, 18 тарбиячы, орус тили мугалими, англис тили мугалими, 3 музыкалык жетекчи, мед.айым, 29 техникалык кызматкерлер эмгектенишет, жалпы 52 кызматкер.
Жалпы 206 орундуу, 9 тайпа бар (жаңы балдар бакчасында - 6 тайпа, эскиде - 3 тайпа бар)
ТАЙПАЛАР
ИЙГИЛИКТЕР
Тарбиячы Мырзабекова Айзада Токтаналиевна 2024-жылы Ат-Башы району боюнча “Мыкты тарбиячы” конкурсунда тарбиячы 1-орунду камсыздады. Облуста да өткөрүлгөн конкурста 1-орунду жана республикалык кароо сынакта 3-орунду жеңип алды.
Тарбиячы Жунусакунова Мээрим Орозбековна 2025-жылы “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашта райондо облуста, республикада 1-орунду камсыздады. 2026-жылы аталган тарбиячыбыз “Мыкты тарбиячы” кароосунда райондук, облустук турларда 1-орунду камсыздап, республикага жолдомо алды.
2024-жылдын жыйынтыгы менен райондогу мыкты бала бакча деп табылып райондук “Өтмө Кызыл Туу” жана баалуу сыйлыгы менен сыйланды.
2024-жылы Ага-Хан фондусунун Мектеп-2030 долбоорунда “Мыкты идея” номинациясын утуп алдык.
2024-жылы 6-декабрда Ага Хан фондусу тарабынан уюшулган эл аралык “Улуттук Форумга” катышууга жолдомо алдык (Мыктылардын катарына кошулуп тарбиячы Аскарбек кызы Мунара жана директор Э.Есеналиева барып келди).
2023-жылы “Улуттук нарк-улуттун жүзү” бала бакчалар арасында райондук кароо сынакта “Кыргыз даамы” номинациясында 1-даражадагы дипломду утуп алдык.
2023-жылы райондук билим берүү тарабынан бала бакчалар арасында өткөрүлгөн конкурста 1- орунду камсыздадык.
Тарбиячы Турсунбек кызы Эркайым 2023- жылы райондук билим берүү тарабынан бала бакчалар арасында өткөрүлгөн “Мыкты мастер класс” сынагында 1-орунду жеңип алды.
Жарадамчы тарбиячы Шергазы кызы Мээрим 2024-жылы жаш акындар арасындагы өткөрүлгөн сынакта 3-орунду камсыздады.
2025-жылы райондо “Мыкты бала бакча” номинациясы боюнча 1-орунду камсыздадык.
2025-жылы “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашында райондон, облустук турдан, республикалык турдан 1-орунду алдык. Даярдаган тайпаны тарбиячы Жунусакунова Мээрим жетектеди, 13 бала барды.
БИЗДИН ТУРМУШ
ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ
2012-жылдан бери “Жайлоо шартындагы балдар бакчасын” уюштурушуп, жайлоодогу балдардын эс алуусу менен бирге окуусу, билим алуусу да уюштурулат, 1 боз үй, күн нурунан энергия топтоп жарык берүүчү система, балдар үчүн жетиштүү окуу китептер, оюнчуктар бар.
2011-жылы Ага-Хан коомдук фонду “Жайлоо шартындагы балдар бакчасын” уюштуруу үчүн жетимиш баштуу бир боз үй (толук ички жазалгасы менен), көчмө китепкана үчүн адабият китептерди, көчмө ажаткана берген.
ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ
КАЗЫБЕК-ЖЕТКИНЧЕК» МЧББУ
«ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ» ЖӨНҮНДӨ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Казыбек-Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Энелер мектебинин» ишин уюштуруунун максатын, милдеттерин, мазмунун жана тартибин аныктайт.
1.2. «Энелер мектеби» — ата-энелердин, өзгөчө энелердин педагогикалык билимин жана бала тарбиялоо маданиятын жогорулатууга багытталган агартуу-тарбиялык иштин формасы.
1.3. «Энелер мектеби» бала бакча менен үй-бүлөнүн өз ара кызматташтыгын күчөтүү, баланын туура тарбияланышына жана ар тараптуу өнүгүшүнө шарт түзүү максатында уюштурулат.
1.4. Иштин негизине Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы талаптар, бала укуктарын коргоо принциптери жана Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» багытындагы педагогикалык тажрыйбалары алынат.
1.5. «Энелер мектебинин» иши баланын кызыкчылыгын биринчи орунга коюу, ата-энени сыйлоо, кызматташтык, жоопкерчилик, мээримдүүлүк жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделет.
2. Максаты
2.1. Үй-бүлөдө баланы туура тарбиялоодо ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугун жогорулатуу.
2.2. Баланын адеп-ахлактык, руханий, интеллектуалдык, дене жана социалдык өнүгүүсүнө үй-бүлө менен бала бакчанын биргелешкен таасирин күчөтүү.
2.3. Ата-энелерди бала тарбиялоонун натыйжалуу ыкмалары менен тааныштыруу.
2.4. «Бала — үй-бүлө — бала бакча» үчилтигинин тыгыз байланышын түзүү.
3. Негизги милдеттери
3.1. Ата-энелерге баланын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык тарбия берүү боюнча педагогикалык билим берүү.
3.2. Үй-бүлөдө баланын күнүмдүк жүрүм-турумун, адебин, маданиятын жана өз алдынчалыгын калыптандыруу боюнча практикалык сунуштарды берүү.
3.3. Энелерди баланын өнүгүүсүнө активдүү катышууга тартуу.
3.4. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды, эмгекчилдикти, мээримдүүлүктү, жоопкерчиликти жана улууларды сыйлоону жайылтуу.
3.5. Баланы жазалоого эмес, түшүндүрүүгө, колдоого жана туура багыт берүүгө негизделген тарбия ыкмаларын жайылтуу.
3.6. Ата-энелердин бала бакчанын педагогдору менен үзгүлтүксүз кызматташуусун камсыз кылуу.
3.7. Үй-бүлөлөрдүн мыкты тажрыйбаларын аныктоо жана жайылтуу.
4. Иштин негизги багыттары
«Энелер мектебинин» иши төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт:
* «Эне — баланын биринчи тарбиячысы»;
* баланы сүйүү жана түшүнүү;
* үй-бүлөлүк тарбиянын мааниси;
* баланын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу;
* адеп-ахлактык жана руханий тарбия;
* эмгекке тарбиялоо;
* китеп окууга кызыктыруу;
* баланын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү;
* өз алдынчалыкка үйрөтүү;
* үй-бүлөдөгү күн тартиби;
* ата-эне менен баланын туура баарлашуусу;
* баланын жетишкендигин колдоо;
* балага үлгү болуу;
* үй-бүлөдө улуттук баалуулуктарды сактоо.
5. Ишти уюштуруу тартиби
5.1. «Энелер мектебинин» ишин бала бакчанын жетекчиси уюштурат.
5.2. Ишти уюштурууга методист, тарбиячылар, психолог жана башка адистер тартылышы мүмкүн.
5.3. «Энелер мектебинин» сабактары жана жолугушуулары айына кеминде 1 жолу өткөрүлөт.
5.4. Сабактар лекция, маектешүү, тегерек стол, тренинг, практикалык сабак, тажрыйба алмашуу, үй-бүлөлүк тапшырмалар жана ачык иш-чаралар түрүндө өткөрүлөт.
5.5. Ар бир окуу жылына «Энелер мектебинин» иш планы түзүлүп, бала бакчанын жетекчиси тарабынан бекитилет.
5.6. Ар бир жолугушуунун темасы, максаты, өткөрүлгөн күнү жана катышуучулары каттоо журналына белгиленет.
6. Катышуучулар
«Энелер мектебине»:
* бала бакчанын тарбиялануучуларынын энелери;
* аталары жана башка үй-бүлө мүчөлөрү;
* бала бакчанын педагогдору;
* методист;
* психолог жана башка адистер катыша алышат.
7. Катышуучулардын милдеттери
Ата-энелер:
* жолугушууларга үзгүлтүксүз катышуу;
* алган педагогикалык билимдерин үй-бүлөдө колдонуу;
* баланын кызыкчылыгын жана коопсуздугун биринчи орунга коюу;
* бала бакча менен тыгыз кызматташуу;
* баланын өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерди жана кыйынчылыктарды педагогдор менен биргеликте талкуулоо.
Педагогдор:
* ата-энелерге педагогикалык жактан туура жана түшүнүктүү маалымат берүү;
* ата-энелер менен сый мамиледе кызматташуу;
* баланын өнүгүүсүнө байланыштуу сунуштарды берүү;
* үй-бүлөнүн өзгөчөлүгүн эске алуу.
Методист:
* «Энелер мектебинин» жылдык иш планын түзүү;
* иш-чаралардын мазмунун методикалык жактан камсыз кылуу;
* педагогдорго усулдук жардам көрсөтүү;
* иштин жыйынтыгын талдоо жана мониторинг жүргүзүү.
8. Күтүлүүчү натыйжалар
«Энелер мектебинин» ишинин натыйжасында:
* ата-энелердин педагогикалык билими жогорулайт;
* бала менен ата-эненин өз ара мамилеси жакшырат;
* үй-бүлө менен бала бакчанын байланышы бекемделет;
* баланын адеп-ахлактык сапаттарынын калыптанышына жагымдуу шарт түзүлөт;
* ата-энелер баланын өнүгүүсүнө активдүү катышат;
* үй-бүлөдө китеп окуу, эмгекке тартуу, баарлашуу жана биргелешкен иш-аракеттер көбөйөт;
* балага мээримдүү, түшүнүү менен мамиле кылуу маданияты калыптанат.
9. Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө
9.1. «Энелер мектебинин» ишине жалпы көзөмөлдү бала бакчанын жетекчиси жүргүзөт.
9.2. Методист иш-чаралардын өткөрүлүшүн, катышуусун жана натыйжалуулугун талдап турат.
9.3. Жылдын жыйынтыгында «Энелер мектебинин» иши боюнча талдоо жүргүзүлүп, кийинки окуу жылына сунуштар иштелип чыгат.
10. Корутунду
10.1. «Энелер мектеби» — үй-бүлөнүн педагогикалык мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө жана баланын бактылуу, адептүү, билимге умтулган инсан болуп өсүшүнө багытталган кызматташтыктын формасы.
10.2. Жобого бала бакчанын иш тажрыйбасына жана ата-энелердин сунуштарына жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бала бакчанын жетекчиси: _______
Методист: _______
Дата: «_» ____ 2026-жыл