Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келет. Ал жетекчи катары райондогу билим берүү реформаларын жүргүзүү, мектептердин сапатын көтөрүү жана алдыңкы окуучуларды колдоо багытында жигердүү иш алып барууда.
Ат-Башы районунда Элге билим берүү бөлүмү болуп 1937-жылы уюшулган.
1996-жылдан баштап райондук билим берүү бөлүмү болуп аталып келет. 1996-жылга чейин бөлүмдө иштеген кызматкердин саны 56 га чейин жеткен. Азыркы учурда райондук билим берүү бөлүмундө 24 кызматкер эмгектенет.
Ат-Башы районунда билим берүү тармагында 20 мектеп, 22 бала бакча, райондук балдарга билим берүү борбору мамлекеттик бюджеттен каржыланып иш жүргүзөт. Райондогу билим берүү тармагында жалпы 1996 кызматкерлер эмгектенет. Буларда иштеген педагогикалык кызматкерлер толук жетиштүү.
А.Керимбаев атындагы орто мектеби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун 2024-жылдын
26-февралындагы № 31-б протоколдук тапшырмасына ылайык Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине оптимизацияланган.
Райондогу мектептерде жалпы 936 мугалим эмгектенет. Билими боюнча 860 жогорку, 51 атайын орто, 25 бүтпөгөн жогорку билимдүү мугалимдер эмгектенет. Жалпы мектептерде учурда 322 мугалим резерв кадрда турат. Пенсия жашындагы 345, пенсияга жашы жете электер 591, анын ичинен жаш мугалим 56, жаңы бүтүп келген 4 мугалим эмгектенет. Жетишпеген кадр жок.
Ал эми 2025-2026-окуу жылында окуучулардын жалпы саны 11530, 11-классты 1005 окуучу, 9-классты 1040 окуучу аяктады. Анын ичинен кызыл күбөлүктү 126 окуучу, артыкчылык аттестатты 94 окуучу алышты. Окуучуларга аттестат, күбөлүк берүүдө документтерди кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлдү. Ат-Башы районунун мектептеринде окуучулардын билим сапаты 2025-2026-окуу жылдын жыйынтыгы менен 76,44% түздү.
Ат-Башы районунда жалпы 22 бала бакча бар. Райондогу бала бакчаларда жалпы 2809 бала тарбияланып келүүдө. Мунун ичинен 10 саатык менен 2253 бала, 3 сааттык менен 491 бала жана райондук китепкананын алдындагы өнүктүрүү борборунда 65 бала тарбияланат. Бала бакчаларда жалпы 616 кызматкер эмгектенет. Бул бакчаларда 198 тарбиячылар иштейт. Резервде турганы 43.
Ат-Башы райондук К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунда 15 ийрим, 15 мугалим жана 490 окуучу бар. Ал эми У.Иманалиев атындагы № 32 Кесиптик лицейде 9 тайпада 200 бала билим алышат.
Мамлекеттик ишмерлер жана аскер кызматкерлери
Анварбек Чортеков. Ат-Башы районунан чыккан экинчи Советтер Союзунун Баатыры (же экөөнүн бири катары кеңири белгилүү болгон легендарлуу инсан). Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн каармандыгы жана кийинки эмгек жолу менен өлкөгө таанылган.
Дайыр Асанов. Генерал майор, 1922-жылы 30-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтарган жоокерге советтик бийлик жакшы баа берип Ленин ордени, “Алтын Жылдыз” медалы менен сыйлап, Советтер Союзунун баатыры наамына ыйгарган.
Аскар Мааткабылович Салымбеков. Туулган күнү: 1955-жылдын 5-февралы.Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы айылы.Билими: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин (1977) жана кийинчерээк экономика адистигин бүтүргөн. Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук ишмери, ири ишкер, меценат, Борбордук Азиядагы эң чоң «Дордой» базарынын негиздөөчүсү жана ушул эле аталыштагы ассоциациянын ардактуу президенти. Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры (2025).
Шаршенбек Абдыкеримов. Туулган жылы жана жери: 1970-жылдын 19-майында Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон («Республика» жана «Кыргызстан» партияларынан).
Муктарбек Өмүракунов. 1965-жылы 19-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында төрөлгөн Ат-Башыдан чыккан эң белгилүү коомдук ишмер жана ири ишкерлердин бири болгон . Ал курулуш, соода жана башка тармактарда ийгиликтүү бизнес долбоорлорду ишке ашырган.
Камчыбек Жолдошбаевич Жолдошбаев. Туулган жылы: 1956-жылдын 6-июну.Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району, Кызыл-Туу айылы. кыргызстандык ири ишкер, «Беш-Сары» соода комплексинин кожоюну жана Жогорку Кенештин III жана VI чакырылыштарынын мурдагы депутаты.
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, КРдин мурдагы биринчи вице-премьер-министри (2020-жыл, июнь — октябрь) жана Жогорку Кенештин V жана VI чакырылыштарынын экс-депутаты.
Салымбеков Жумабек Мамытбаевич. Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Алмазбек Акматалиев. Белгилүү мамлекеттик ишмер, ошондой эле саясий илимдердин доктору, профессор. Региондук жана мамлекеттик башкаруу багытында илимий эмгектерди жараткан.
Накен Касиев. 1947-жылы 22-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Медицина илимдеринин доктору 1990-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты, Саламаттык сактоо министринин орун басары, кийин тогуз жыл министрликти аркалаган. Бул убакыт аралыгында каржынын жоктугунан ара жолдо калган медицинаны жолго салуу үчүн эл аралык уюмдар менен алака түзүп, уюштуруучулук жөндөмүнүн аркасында бир катар ийгиликтерге жете алган. Мамлекеттик жана коомдук ишмер 2000-жылдары эки жыл мамлекеттик катчы, беш жыл Ош облусунун губернатору жана премьер-министрдин аппаратын убактылуу жетектеп калган жайы бар. Андан сырткары Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Улуттук онкология борборунун директору да болгонго жетишкен.
Жандыралиев Капар. Нарын облусунун, Ат-Башы районунун тургуну. 1930-жылдын 10-майында Баш-Кайыңды айылында кедей- дыйкандын үй бүлөөсүндө жарыкка келген. “Бүткүл Союздук мал чарбасынын” өнүгүшүнүн Коло медалы менен сыйланат. Ал эми 1974-жылы 25-октябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин указы менен Капарга “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ветеринардык врачы” деген ардактуу наам берилет. 2001-жылы “Ат-Башы айылынын Ардактуу атуулу” деген наамга татыктуу болду.
Орозакун Мамбетакунов. 1940-жылы 5-октябрда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал 33 жаш курагында “Социалисттик эмгектин баатыры” болуп, Кыргыз ССРинин “Мал чарбасына эмгек сиңирген устаты” наамына татыган. Сапаттуу айыл-чарба продукциясын өндүрүүдө зор ийгиликтерди жаратып, “СССРинин Мамлекеттик сыйлыктарынын Лауреаты”, Нарын облусунун, Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу”, көп жылдар бою СССРдин Жогорку Советтин депутаты болгон. Ошондой эле анын жасаган ак эмгегинин натыйжасында “Ленин” ордени менен сыйланган. Ат-Башы районунун кадырлуу, ардактуу аксакалы болуп келген.
Сейитказы Андабеков. Кыргыз Республикасынын Эл артисти. 1925-жылы 18-сентябрда Ат-Башы районунун Кара-Коюн өрөөнүндө Кара-Булак кыштоосунда жарык дүйнөгө келген. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, III даражадагы “Манас” ордени жана медалдар менен сыйланган.
Калыйбек Тагаев. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор. 11940-жылы 14-апрелде Ат-Башы районунун Бирлик айылында туулган. 1992-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамдары берилген.
Жумамүдүн Шералиев. 1915-жылы 3-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз ССРинин эмгек синирген артисти комуз, балалайка, мандолина, аккардеон, пианинодо мыкты ойногон, хормейстрлик жайы да бар болчу. Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты жалпы жонунан түрдүү жанрдагы жүздөгөн обондун автору.
Тыналиев Күмөндөр. 1925-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында туулган. Кыргыз ССРдин жогорку советинин беш медалы менен сыйланган. СССРдин жана Кыргыз ССРнин “Эл агартуунун отличниги” согуш жана эмгек ардагеринин Бүткүл союздук уюмунун “Ардак белги” медалын жана 1941-1945-жж “Согуш ардагери” ардак белгисин алган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 1-февралындагы Указы менен стипендия алууга райондо биринчилерден болуп татыган.
Шайлообек Дүйшеев. Кыргыз Республикасынын Эл акыны. Нарын облусундагы Борбордук Теңир -Тоо койнунда, Ат-Башы районунда Ат-Башы кыштагында 1950-жылы 23-февралда туулган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны, 2006-жылы Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты, 2009-жылы Нарын облустук Журналисттер уюмунун Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыгынын лауреаты, 2010-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланат. 2011-жылы “Эки дөөнүн күрөшү” чыгармасы үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. 2015-жылы II даражадагы Манас ордени менен сыйланган. 2016-жылдын 26-ноябрында КМШ Мамлекеттеринин Парламенттер Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык адабий сыйлыгы ыйгарылган. 2020-жылы И.Арабаева атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору наамы берилген. ТҮРКСОЙдун “Алтын медалы” ыйгарылган.
Алмаз Акунов. Кыргызстандын таанымал спортчусу, аралаш мушташ өнөрү (ММА) боюнча мушкер жана грэпплинг чебери. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулуп-өскөн жана көп жылдардан бери эл аралык аренада өлкө намысын коргоп келет.
Кубаныч Алиев. Ат-Башыдан чыккан белгилүү эстрада ырчысы.
Илгиз Абдалиев. жаш муундагы белгилүү заманбап эстрада ырчысы, көптөгөн лирикалык хит ырлардын аткаруучусу.
Жыргалбек Апышов. Обончу, аткаруучу жана эстрада ырчысы.
Миргүл Асаналиева. Эстрада ырчысы, өзгөчө үн касиети бар таланттардын бири.
Аскат Мусабеков. Кыргыз эстрадасында өз орду бар ырчы.
Өскөн Дүйшөнбиев. Таланттуу ырчы жана дастанчы, Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулуп өскөн, чоң музыкалык үй-бүлөдөн чыккан жана КР Маданиятынын мыкты кызматкери.
Талант Карагулов. Белгилүү кыргызстандык алып баруучу, ырчы, тамада жана маданият өкүлү. Эл арасында УТРКнын белгилүү "Сармерден" (Кыз-жигит) теледолбоорунун алып баруучусу. Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Моюн айылы.
Токтобек Асаналиев. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, улуттук фолк-эстрада жана салттуу ырларды ийине жеткире аткарган, өлкөгө кеңири таанымал залкар ырчы.
Алтынбек Каленов. Төкмөлүк, ырчылык жана дастанчылык өнөрдү айкалыштырган, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жана «Эл ырчысы Эстебес» тобунун чыгаан өнөрпозу. Ал Ат-Башынын Ак-Муз айылында төрөлүп, кыргыздын фольклордук мурастарын, терме-дастандарын сактап, жайылтууга зор эмгек сиңирген.
Акбар Кубанычбеков. акын жана маданият өкүлү, ыр жазуу менен бирге обондуу ырларды аткарып келет.